Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын президенти кыргызстандык кесиптешине Казакстандагы кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн телефон аркылуу ыраазычылык билдирди

Күн мурун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын Президенти Президент Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх