Клара Сооронкулова: Искендер Матраимов моралдык себептерден улам кызматтан кетиши керек болчу
Искендер Матраимов ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басарлыгына кайрадан шайланды
Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламенттин тармактык комитеттеринин төрага орун басарларын шайлоо маселесин карашты. Искендер Матраимов Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда саясий маданияттын жоктугун белгиледи.
«Республикада саясий маданият жок, — дейт Клара Сыргакбековна. - Эл депутаттары Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитеттин төрагасынын орун басарын тандоодо туугандык байланышты эске алышы керек эле. Депутаттын бир тууган агасы "Коррупция" беренеси боюнча козголгон. Искендер Матраимов өзү да моралдык себептерден улам бул кызматын таштоого аргасыз болчу. Бирок ал мындай кылган жок, бул кызматты ага эл өкүлдөрү ишенип тапшырышты. Күтө туралы. Коррупция менен кантип күрөшөрүн көрөлү.
Ислам Жолдошов
Сүрөт www