Эльвира Сурабалдиева кыргызстандыктарды мүмкүн болушунча тезирээк COVID-19га каршы вакцина алууга чакырды
"Биз баарыбыз этият болушубуз керек жана пандемия учурунда эрежелерди так сактоону улантышыбыз керек"
Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанда омикрондук коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушуна комментарий берди.
Анын айтымында, жарандар дагы сак болуп, санитардык нормаларды сакташ керек.
«Биз баарыбыз этият болуп, пандемия учурунда эрежелерди, тактап айтканда: жеке гигиенаны, беткап кийүүнү жана аралыкты сактоону улантышыбыз керек. Саламаттыкты сактоодогу бул эрежелер менен протоколдор ар бир адам тартипти сактаганда гана иштей тургандыгын түшүнүүбүз маанилүү.», — деп жазган Сурабалдиева Фейсбук баракчасына.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кыргызстан элин тез арада коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууга чакырды.
«Ошондой эле бардыгын мүмкүн болушунча тезирээк коронавируска каршы эмдөөгө чакыргым келет. Эгерде сиз Бишкекте же калктуу конушта жашасаңыз, анда вакцинаны үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан, ошондой эле борбордогу убактылуу эмдөө пункттарынан алса болот», - деди ал.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www