Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстанда борбор калаанын атын кайра Астана деп өзгөртүү үчүн кол топтоо жүрүп жатат

Казакстандыктар да Назарбаевдин урматына көчөлөргө бейтарап ысымдарды берүүнү суранышууда

Казакстанда борбор шаар Нур-Султандын атын кайра Астана деп өзгөртүү үчүн кол топтоо жүрүп жатат. Бул тууралуу KazTAG билдирди.

Тиешелүү петициянын авторлору шаардын атын Нур-Султан деп өзгөртүү социалдык тармактарда жана карапайым элдин турмушунда терс кабыл алынып, мурунку аталыш күнүмдүк турмушта колдонулуп жатканын айтышат.

«Коомдогу маанайды эске алып, биз өлкөнүн президентинен, өкмөтүнөн жана парламентинен республикабыздын борбору Астананын мурдагы атын кайтарып берүүнү суранабыз.

Мындан тышкары, биз бардык шаарлардын жергиликтүү бийликтеринен Назарбаев атындагы көчөлөргө мамлекеттүүлүгүбүздү, биримдигибизди жана өлкөнүн эгемендигин баса белгилеген бейтарап аттарды берүүнү суранабыз. Мисалы, Алматыдагы Назарбаев проспектисин Республика проспектиси деп атаса болот», — деп айтылат кайрылууда.

Учурда Нур-Султандын атын өзгөртүүгө 143 837 адам кол койгон.

Эске салсак, Астана 2019-жылы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткенден кийин Нур-Султан болуп өзгөртүлгөн.

2022-жылдын январь айынын башында Жаңы-Өзөндөгү митинг бүтүндөй республика боюнча баш аламандыкка айланып, газдын кымбатташынан улам күч органдары менен кагылышуу болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх