Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрулан Кокулов: Орозайым Нарматованын диплому чындап жасалма экени аныкталса, менимче ал мандатын тапшырышы керек

Парламентарий УКМКнын билдирүүсүн кесиптешине кысым көрсөтүү аракети деп эсептебейт

Депутат Эрулан Кокулов кесиптеши Орозайым Нарматованын жасалма диплому боюнча УКМКнын билдирүүсүн касым көрсөтүү аракети катары баалай албайт. Мындай пикирин ал өзү Vesti.kg сайтына билдирди.

Ошону менен бирге парламентарий мындай билдирүүлөрдү жасоодон мурда УКМК бардык керектүү далилдерди келтириши керектигин баса белгиледи.

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери анын диплому жок экенин далилдеп бериши керек, — дейт Кокулов. - Эгер ошого карабастан диплом чындап эле жасалма экени аныкталса, менимче ал мандаттан өтүшү керек. Шайлоочуларыңды алдай албайсыңар. УКМКнын бул билдирүүсү Нарматовага кысым жасоого багытталган дегенге ишенбейм.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх