Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча суроолорго жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайрадан Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты Vesti.kg сайтына анын жардамчысы тастыктады.

Алдын ала маалымат боюнча, Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чакырылган. Учурда ал башкы көзөмөл органынын имаратында жайгашкан. Саясатчы ушуну менен экинчи жолу күбө катары суракка чакырылып жатат.

Эске салсак, 2021-жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында Кыргызстан чек араны делимитациялоо маселесин чечүүнү улантып жатканын билдирген.

«Мен чек ара маселесин бүгүн да чечүүгө даярмын», - деди мамлекет башчы анда. - Бирок, чечим бизден гана көз каранды эмес. Бул көйгөй 30 жылдан бери уланып келет. Мен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Адахан Мадумаров кол койгон протокол менен тааныштым. Документте тажик тарапка 275 метр жерибизди бергенбиз деп жазылган. Андан кийин алар бул аймакты 49 жылга ижарага алышкан. Мен бул документтин юридикалык күчү жок деп ырастайм.

Президент Тажикстан менен үч көйгөйлүү аймак бар экенин белгиледи: Төрт-Көчө, Ворухка баруучу жол жана Лейлек районундагы тилке.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх