Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Виктория Мозгачева: Учурда Бишкектин мектептеринде оорунун очогу жок

Борбор калаанын вице-мэри билим берүү мекемелери кандай учурларда “дистанттык иштөөгө” өтөөрүн түшүндүрдү

Учурда Бишкектин мектептеринде коронавирус эпидемиясынын очогу жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Ал билим берүү мекемелери кайсы учурларда дистанциялык иштөөгө өтүшүн түшүндүрдү.

«Учурда мектептерде эпидемиянын очогу жок», - деди Мозгачева. - Ар бир мектепте эң көп 2-3 оору болот. Алгоритмге ылайык, эгерде бир класста COVID-19 инфекциясынын бир учуру аныкталса, анда бүт класс жана байланыш адамдары онлайн окутууга жөнөтүлөт. Эгерде бир инкубациялык мезгилге эки же андан көп учурлар болсо, анда бүткүл билим берүү уюму онлайн окутууга жиберилет. Эрежелер окуучуларга да, мектеп кызматкерлерине да тиешелүү.

Вице-мэр ошондой эле учурда Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте карантиндин жаңы алгоритмин иштеп чыгууда.

Эскерте кетсек, бүгүн борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен 13 мектеп: No26, №88, №62, №60, №73, №13 №12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 онлайн окутууга өттү.
Ошондой эле №135 мектепке чейинки билим берүү уюму, ал эми №144 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тайпа жабылат.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх