20-январга карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 870 учуру катталды
Инфекциянын кесепетинен төрт адам каза болду
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктурган 870 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкекте 600, Ошто 10, Чүйдө 161, Ошто 16, Таласта 18, Нарында 2, Ысык-Көлдө 13, Жалал-Абадда 23, Баткенде 27 адамдан коронавирус аныкталды.
Бул арада Бишкекте төрт өлүм катталды.
5 миң 961 адам амбулатордук, 1 миң 40 адам ооруканада дарыланууда, анын ичинен 49 адам өтө оор, 330 адам оор абалда. 266 адам айыгып чыкты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз