Клара Сооронкулова Садыр Жапаровду анын "фанаттарына" окшоп, оппоненттерин таарынтпоого чакырды
«Ал Фейсбукту окуйт, ошол эле учурда бардыгына президент сыяктуу эмес, жөнөкөй карапайым адамдай мамиле кылат»
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Vesti.kg сайтына берген комментарийинде президент Садыр Жапаровго оппозициялык саясатчыларды кемсинткен билдирүүлөргө жол берилбеши керектигин эскертти.
Анын айтымында, мамлекет башчысы ошентип өзүнүн «фанаттарына» окшошуп калган.
«Президент оппозициялык маанайдагы саясатчылар: Адахан Мадумаров, Орозайым Нарматова, Бактыбек Калмаматов жана башкалардын дарегине акарат келтирген сөздөргө жол берип жатат», - деп белгиледи Сооронкулова. - Ал адам укуктарынын жана эркиндигинин кепили катары өзүнүн оппоненттерине гана эмес, кайсы бир жаранга карата билдирүүлөргө жол бербеши керек. Бирок президент коомдук жайларда эле эмес, социалдык тармактарда да мындай жүрүм-турумга бир нече жолу жол берип келген. Ал фейсбуктун активдүү колдонуучусу катары кызыгып, окуп, ошол эле учурда президент катары эмес, жөнөкөй карапайым адам катары бардыгына реакция жасайт. Ал өзүнүн бийик даражасын, элдин биримдигинин символун унутуп же түшүнбөйт. Ошондуктан биз ага муну эске салууну чечтик. Аны Садыр Жапаровдон башканы көрбөгөн, эч кандай сынды кабыл албаган фанаттарына окшоштурушат.
Фемиданын мурдагы кызматчысы да президенттин билдирүүлөрү коомдо пикир келишпестик жаратат деп эсептейт.
«Президент эң сонун үлгү көрсөтүп жатат», - деп эсептейт Сооронкулова. - Азыр идеологиялык шыктандыруучусу мамлекет башчысы болуп турган Жапаров менен Мадумаровдун тарапташтарынын ортосунда интернетте жарандык согуш жүрүп жатат. Бул кандайдыр бир мааниде коомдо бири-бирине жек көрүү, кастыкты козутат. Эртеби-кечпи бул чындыкка айланып кетиши мүмкүн. Жапаров муну түшүнүшү керек.
Ошол эле учурда Клара Сыргакбековна Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованы суракка чакыруу саясатчыларга түз кысым экенин баса белгиледи.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www