Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төрөгул Беков: Түшүмсүз жерлерди трансформациялоо көп эмгекти талап кылган жана узак процесс

Айыл чарба министрлигинин экс-жетекчиси айыл чарба жерлеринин көбөйүшү аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн брифингде ведомствонун айыл чарба аянттарын 500 миң гектарга көбөйтүү планын билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба министрлиги түшүмсүз жайыттарды трансформациялоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп, парламентте 1-окуудан өткөн. Документ азыр экинчи окууга жөнөтүлдү.

Vesti.kg комментарий алуу үчүн экс-айыл чарба министри Төрөгул Бековго кайрылды.

«Кыргызстанда жайыт катары долбоорлонгон түшүмсүз жерлер көп», - дейт Беков. — Мындай жерлерди трансформациялоо — кеп эмгекти жана узакка созулган процесс. Ал эми бул жерлердин категориясынын өзгөрүшү агробизнеске оң таасирин тийгизет. Жайыттарга жемиш бактарын отургузууга болбойт. Ал эми трансформация дыйкандарга бул жерлерден кошумча киреше алууга шарт түзөт. Мындан тышкары мөмө-жемиштен тышкары малга тоют үчүн чөп да жыйнап алууга болот. Ал эми сугат тармагына келсек, дыйкандар өздөрү скважина казып же тамчылатып сугаруу системасын орното алышат. Бул бизнес - инвестиция салып, киреше аласың.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх