Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Талас облусунда иш сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин башчысы «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусунда жумушчу сапары менен жүрөт.

Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына  барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх