Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эверестти багындырган Эдуард Кубатов Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясын жетектейт

Ал федерацияны жандандыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын убада кылды

Эверестти багындырган Эдуард Кубатов Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул маалыматты өзү Vesti.kg сайтына тастыктады.

Кубатовдун айтымында, альпинизм федерациясы ал үчүн абдан баалуу жана ал бүгүн жаңы өнүгүү программасын сунуштоого даяр.

- Мен үчүн тандоо кыйын, - деп мойнуна алды Кубатов. - Федерация эң жакшы абалда эмес болчу. Өткөн съездде жаңы команданы шайлоо чечими кабыл алынып, анын мүчөлөрү бир добуштан менин талапкерлигимди тандашкан. Федерация мен үчүн чоң баалуулук болгондуктан иштей баштайбыз. Бүгүн мен жаңы өнүгүү программасын жарыялайм. Мен үчүн бул альпинисттер коомчулугунун эң жогорку ишениминин көрсөткүчү. Мен федерацияны кайра жандандырууга болгон аракетимди жумшайм.

Эверестти багындырууга жетишкен экинчи кыргызстандык Эдуард Кубатов. Ал жерге биринчи болуп 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх