Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте айрым кичи автобустар кыймылын өзгөрттү

Мындай чечим коомдук транспорттун каттамдарын караган комиссиянын жыйынында кабыл алынды

Шаардык транспорт башкармалыгында коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жума сайын өткөрүлөт.

Комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү карап, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Түзүмдүн курамына Патрулдук кызмат башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл агенттигинин, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын жана акимчиликтердин өкүлдөрү кирет.

Жакында болуп өткөн жыйында 5 маселе каралды. Талкуунун жыйынтыгы менен Киев көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнө жана Чүй проспектисине чейин №166 кичи автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү чечими кабыл алынды. Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

Ошондой эле Беш-Күңгөй айылына каттаган №12 автобустун кыймылынын схемасы өзгөртүлүп, калган схема өзгөрүүсүз калды.

Үч маселе комиссиянын кийинки отурумуна жылдырылды.

Урматтуу шаардыктар! Комиссия ар аптанын  жума күндөрү саат 13:00дө өткөрүлөт жана шаардык транспорт башкармалыгынын расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646

Коомдук транспорт үчүн WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылсаңыз болот.

Бишкек мэриясы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх