Казакстандагы окуяда жапа чеккен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковго 50 миң сом бөлүндү
Бишкек шаардык мэриясы резервдик фонддун каражатын бир кишиге дарыланууга жумшады
Казакстандагы соңку окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковго Бишкек мэриясы колдоо көрсөттү.
Муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүнгөн. Азыр жабырлануучу Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.
Мэрия мекендештин тез сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз