Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды
Буга чейин ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети УКМКнын мурдагы жетекчисинин талапкерлигин четке каккан
Идрис Кадыркулов Кыргызстандын Украинадагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал арада мурдагы элчи Жусубек Шарипов ээлеген кызматынан бошотулду.
Буга чейин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөлөрү УКМКнын экс-жетекчисинин талапкерлигин четке кагышкан.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз