Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Журналисттерге басым жасалып, айрымдары жашыруун видеого тартылып, жеке жашоосу жарыяланып жатат

Парламентарий УКМКны абийирге шек келтирбөөгө жана өз ишинде цивилизациялуу ыкмаларды көбүрөөк колдонууга чакырды

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотуу өтүнүчү менен УКМК менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Анын айтымында, атайын кызматтар жана көзөмөлдөөчү органдын өкүлдөрү цивилизациялуу ыкмаларды көбүрөөк колдонушу керек.

«Укук коргоо органдары журналисттердин иликтөөсүнө макул болбошу мүмкүн. Бирок биз жарандык ыкмаларды көбүрөөк колдонушубуз керек. Мисалы, маалымат жыйынын өткөрүңүз же расмий билдирүү жасаңыз. Азыр журналисттерге кысым болуп, айрымдары тымызын видеого тартылып, жеке жашоосу интернетке жарыяланып жатат. УКМКнын намысын мынчалык кетирбеш керек», - деди Бекешев.

Мындан тышкары, депутат жалпы жыйынга энергетика министри Доскул Бекмурзаевди жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн чакырууну сунуштады.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх