Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтөт

Ал эми Алмазбек Атамбаевди жыйынга алып келери азырынча белгисиз

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болот. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин отурумга катышаар-катышпасы азырынча белгисиз - бул анын саламаттыгына жараша болот. Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов сотко келери белгилүү болду.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго карата бир катар кылмыш иштери козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта массалык баш аламандык уюштуруу жана 2020-жылдын октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруу.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх