Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Ар бир айылда ишканалар ачылса чоң жетишкендик болот

  • жолу 0 кароо

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы мэрлерди жана акимдерди туризмди өнүктүрүү боюнча ишти активдештирүүгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын биргелешкен коллегиясынын жыйынына катышты.


Жыйындын жүрүшүндө облустун жана Ош шаарынын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата пландары боюнча маалымат берилди.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн белгилеп, Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдагы артыкчылыктуу милдеттерине токтолду.

«Өткөн жылы бюджет 5,6 миллиард сомдук профицит менен толук көлөмдө аткарылган. 2022-жылдын январь айында бюджеттин кирешеси 11,8 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 миллиард сомго көп. 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн көрсөткүчү 400 млрд сомду түзүшү керек», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары астында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, облус жөнүндө толук маалыматты камтыган аймактын санариптик картасын иштеп чыгуу, мүлктү инвентаризациялоону жүргүзүү, өндүрүштүк ишканаларды коргоо жана аны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди күчтөндүрүү сыяктуу маанилүү милдеттер турат.

«Аймакка инвестиция тартуу боюнча жетекчилердин ишмердүүлүгүн баалоодо KPI системасын киргизүү зарыл. Ар бир айылда ишканалар ачылса чоң жетишкендик болот. Район акимдери жана шаар мэрлери сиздердин негизги милдетиңер – инвестиция тартуу. Оондой эле токтоп турган ишканаларды ишке киргизүүгө жардам берүү керек. Мындан тышкары, жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү, туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирүү, жарандардын жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жыйынтыктоо зарыл», - деди ал.

Акылбек Жапаров 2022-жылы Ош облусунда 100 ашуун объектиде курулуш жана оңдоо иштери пландаштырылып жаткандыгын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Наверх