Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК ИИМдин ЖКККнын башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен дипломдордун аныктыгын текшерип жатат

Тактап айтканда, коопсуздук кызматкерлери Орусиядагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алганын көрсөткөн милициянын полковнигинин дипломун текшерүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети президенттин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма дипломдордун бар-жоктугун жана колдонулушун текшерүү боюнча буйругун аткаруунун алкагында, учурда Башкы башкармалыктын жетекчилигинин жасалма дипломунун бар-жоктугун текшерүүдө. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча (ЖКККБ) милициянын полковниги «С. Ы. К» жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын «С. З. А» аудиторлорунун биринин дипломун текшерүүдө.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, көрсөтүлгөн адамдар кадр кызматына тиешелүүлүгүнө жараша Россия Федерациясынын ЖОЖдорунун биринин «юриспруденция» адистиги боюнча жана Ысык-Көл мамлекеттик университетин аяктагандыгы тууралуу дипломдорду тапшырышкан.

Учурда бул фактылар боюнча КР мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу максатында текшерүү материалдары УКМК тарабынан каралып жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
Фото vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх