Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Түн окуясыз тынч өттү

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат жана байланыш департаменти билдирди.

«28-январь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной тилкелеринде абал туруктуу. Түн эч кандай окуясыз, тынч өттү.

УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп, көзөмөлдөйт.

Эске салсак, бир күн мурун тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Андан соң тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.

УКМКнын маалымат жана байланыш бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх