Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал толугу менен менин көзөмөлүмдө

«Кудай буюрса, баардыгын сүйлөшүү жолу менен, тынчтык жолу менен чечебиз»

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча комментарий берди.

Мамлекет башчынын айтымында, ал кырдаалды толугу менен көзөмөлдөп турат жана Кыргызстандын элинде тынчсыздана турган эч нерсе жок.

«Чек арадагы кырдаал биринчи мүнөттөрдөн баштап толугу менен менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса баардыгын сүйлөшүү жолу менен, тынчтык жолу менен чечебиз. Кабатыр болбоңуз. Кырдаалды курчутуу максатында башка өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн айрым ЖМКлар жана саясатчылар тараткан жалган маалыматка ишенбегиле», — деп жазган Жапаров өзүнүн Facebook баракчасына.

Эске салсак, бир күн мурун тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Андан соң тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх