Камчыбек Ташиев Баткен облусуна жөнөп кетти
УКМКнын башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам жыйынга катышат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам жыйынга катышары белгилүү болду.
Эске салсак, бир күн мурун тажик чек арачылары Баткен-Исфана жолунун Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесиндеги бөлүгүн тосуп алышкан. Андан соң тажик тарап Кыргызстандын чек ара бөлүктөрүндө курал колдонуп, ок чыгаргандыктан кырдаал курчуп кеткен.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз