Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусунда болгон окуялардан улам 11 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Учурда аймакта абал туруктуу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун маалыматы боюнча, эвакуациялангандардын жалпы саны 11052 адамды түзөт.

Анын ичинен 10 миң 410 адам туугандарынын үйүнө, 642 адам 7 убактылуу жайгаштыруу борборуна көчүрүлгөн.

Учурда Баткен облусунда абал туруктуу. Убактылуу жер которгон жарандар тамак-аш жана башка керектүү нерселер менен камсыздалат. КР ӨКМ тарабынан убактылуу жашоо үчүн зарыл болгон 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) берилди.

ӨКМ басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх