Ош базарынын жанынан аялдын унаасынан 600дөн ашык газ талондору уурдалган
Уурулукка шектүү кармалып, андан соң үй камагына чыгарылган
2022-жылдын 9-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБна А.А. атуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, ушул эле күнү, болжол менен саат 17:00 чамасында, Бишкек шаарынын Токтогула жана Кулиева көчөлөрүнүн кесилишинен, белгисиз жаран автоунаанын ичинен,
эки даана аялдардын баштыкчасын ичинен, болжол менен 641 даана май куюуучу талондорду, банктын карталарын, техпаспорт , арыздануучунун атына айдоочулук күбөлүк жана паспорт алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнын кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, КРнын Кылмыш жаза кодексинин 205 2 б. (уурулук) фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Ленин РИИБнын биринчи шаардык милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1977-жылы туулган Ж.Б. атуу жарандын өздүгү тартылып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Жазык-процесстик кодексинин 96 беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата эки айлык мөөнөткө үй камагы түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Азыркы учурда, кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек ш. Ленин РИИБнын Басма сөз кызматы
фото www