БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына үч талапкерди четке какты
Алар керектүү документтердин тизмесин беришкен эмес
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына үч талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Алар: Бакыт Керимбеков (Свердлов шайлоо округу), Азаматбек Жоробеков (Биринчи Май шайлоо округу), Данияр Мамбеталиев (Свердлов шайлоо округу) болушкан.
Бекматовдун айтымында, жогорудагы адамдар талапкер катары катталуу үчүн керектүү документтердин тизмесин беришкен эмес.
Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы шайлоочулардын көбү «Баарына каршы» добушун беришкен. Жогоруда аталган округдар боюнча үстүбүздөгү жылдын 27-февралында кайталап шайлоо өткөрүлөт.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www