Чүй облусунда профилактикалык масштабдуу рейд башталды
Милиция кызматкерлери үйлөрдү текшерип, жергиликтүү эл менен баарлашууда
Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан район аймагында уурулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу максатында 1-4-февраль күндөрү «Ууру» аталышындагы ири рейд башталды.
Окуяга кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, УУМдун коомдук коопсуздук кызматынын, ИИБнын, ошондой эле Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери катышууда.
Рейддин максаты - облус аймагындагы криминалдык абалды турукташтыруу, уурулук боюнча адистешкен кылмыштуу топторду, уурдалган мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алууга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бетин ачуу.
Милиция кызматкерлери үйлөрдү текшерип, райондун жашоочулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташты, айрыкча видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча. Калк арасында мүлктү кылмыштуу кол салуулардан коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www