Бишкек шаарынын мэри мектептердин тегерегине тосмолорду куруу планын иштеп чыгууну тапшырды
Ал эми учурдагы тосмолор учурдагы санитардык нормаларга ылайык калыбына келтирилет
Бир күн мурун Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык билим берүү тармагынын иштеши боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты, мектептердин көрсөткүчтөрү менен санариптик картасын түзүү, ошондой эле билим берүү уюмдарынын жетекчилерин ротациялоо жана мектептердин периметрине тосмолорду орнотуу маселелери талкууланды.
Буга чейин муниципалитет мектептердин аймактарын торчо менен тосуу боюнча норманы алып салуу бөлүгүндө санитардык өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин демилгелеген. Окуучулардын коопсуздугун эске алуу менен бул демилгени четке кагуу чечими кабыл алынды.
Калаа башчысы билим берүү мекемелеринин тосмолорун этап-этабы менен куруу планын иштеп чыгып, учурдагы санитардык нормаларга ылайык тосмолорду калыбына келтирүүнү тапшырды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www