ЖКнын депутаты: Ом менен Ньютондун мыйзамдарын билген, бирок ошол эле учурда көчөгө таштанды ыргыткан, жаштайынан коррупцияга көнүп калган адамдарды тарбиялайбыз
Нуржигит Кадырбеков мектептерде адеп-ахлактык тарбия сабагын киргизүүнү сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мектептерде адеп-ахлак сабагын киргизүүнү сунуштады.
Vesti.kg сайтына берген комментарийинде парламентарий «адеп-ахлактык тарбия» диний өңүттөрдү билдирбейт деп баса белгиледи.
«Жоопкерчиликтүү жарандарды жаштайынан тарбиялоо керек», - деп эсептейт эл өкүлү. - Коррупция менен күрөш билим берүү аркылуу болушу керек. Ошондуктан мектептерде адеп-ахлактык тарбия сабагын киргизүүнү сунуштайм. Америка Кошмо Штаттарында жана Европа өлкөлөрүндө балдарды мамлекетке кантип пайдалуу болууга үйрөткөн мектепте сабактар бар. Ом жана Ньютон мыйзамдарын билген, бирок ошол эле учурда көчөгө таштанды ыргыткан, рэкетчилик менен алектенген, жаштайынан коррупцияга көнүп калган адамдарды тарбиялайбыз. “Адеп-ахлактык тарбия” дегендин эч кандай диний мааниси жок.
Жыйынтыгында Кадырбеков Кыргызстан коррупцияны кабылдоо индекси боюнча дүйнөлүк рейтингде байкаларлык төмөндөп кеткенин белгиледи.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www