Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды
Оппозициялык саясатчыга карата Бишкек шаардык соту ушундай чечим чыгарды
Оппозициялык саясатчы, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов үй камагына бошотулду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.
Ал 17-декабрда Молдокматовго карата СИЗО-1ге камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы узартылганын, андан кийин адвокат апелляциялык арыз жазганын тактады.
«Бүгүн Бишкек шаардык соту менин арызымды канааттандырып, Жеңиш Молдокматовду үй камагына чыгарды», - деди Турдалиев.
Эске салсак, оппозициялык саясатчы 2020-жылдын октябрь окуясында имараттарды жана курулуштарды басып алган деген шек менен кармалган.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз