Камчыбек Ташиев: Азырынча Ворухка коридор ачуу боюнча келишимдер жок
УКМК башчысы депутаттар жабык эшик артында эмне тууралуу сүйлөшүп жатканын айтып берди
Тажикстандын Ворух анклавына жол куруу боюнча азырынча келишим түзүлө элек. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин отурумунан кийин журналисттерге билдирди.
Тактап айтканда, бүгүн депутаттар Ташиевди 27-январда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалымат угуу үчүн Жогорку Кеңешке чакырышты.
«Депутаттар келишимдер боюнча Ворухка коридор чындап берилеби деп сурашты. Коридор болбойт, кошумча жол салбайбыз деп жооп бердим. Ал эми Ак-Сай айылынын чыгыш тарабындагы жолдун долбоору макулдашылмакчы. Биз бул айылдын тургундарынын коопсуздугу үчүн тынчсызданышыбыз керек”, - деди УКМКнын башчысы
Камчыбек Ташиев жолдун макамы мамлекеттер аралык келишим менен аныкталарын, бирок азырынча келишим жок экенин кошумчалады.
Сүрөт www