Министрлер кабинетинде кыргызстандыктарды чет өлкөдө ишке орноштуруу маселеси талкууланды
Мамлекеттик органдарга визаны жеңилдетүү жана жумушка чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү боюнча ишти тездетүүнү тапшырды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Президенттин «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, ишке орноштуруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөдө жарандарды уюшкандыкта ишке орноштуруу системасын өнүктүрүүнү күчөтүү зарылдыгын талкуулашты. Атап айтканда, эмгек мигранттарын уюшкандык менен тартуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоону күчөтүү жөнүндө болду.
«Албетте, министрлер кабинетинин негизги приоритети өлкөнүн ичинде жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Азыр биз республикага кызмат көрсөтүү жана өндүрүш тармагында гана эмес, мектептерде, ооруканаларда, мамлекеттик мекемелерде да эң квалификациялуу кадрларды кайтарууга умтулуп жатабыз. Бирок, жакынкы жылдарда биз жаш граждандардын эсебинен жумушчу кучунун арбын болушун улантабыз. Алардын чет өлкөдөн жакшы маяналуу жумушка орношуусу үчүн активдүү аракеттерди көрөбүз. Бул жерде алар экономиканы өнүктүрүү жана ага инвестиция салуу үчүн талап кылынган көндүмдөрдү ала алышат», - деди Байсалов.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга сапаттуу укуктук камсыздоо, камсыздандырууну киргизүү жана мекендештерибиздин мыйзамдуу ишке орношуусуна шарт түзүү боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле визалык режимди жеңилдетүү жана ишке чыгуу мүмкүнчүлүгү боюнча келишим түзүү боюнча иштерди тездетүү тапшырылды.
Сүрөт www