Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Ар бир мугалимдин укугу корголушу керек

Камила Талиева Билим берүү министрлигин сабак учурунда окуучуга кол салган мугалимдин ишин көзөмөлгө алууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигин №1 гимназиянын мугалиминин ишин көзөмөлгө алууга чакырды.

Эске салсак, буга чейин интернетте Аламүдүн районундагы мектептердин биринин мугалими окуучусуна кол салган видео тараган. Алдын ала маалыматтарга караганда, сабак учурунда видеого түшүп калган окуучу мугалимге карата уят сөздөрдү айткан. Кийинчерээк мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болгон.

Парламентарий окуядан кийин аял жүрөгү кармап ооруканага кайрылганын айтты.

«53 жаштагы аял эки баласын жалгыз багып жатат», - деди Талиева. Ал болгон окуядан улам жүрөгү кармап ооруканага түшкөн. Мугалимдер гана эмес, ата-энелер да жоопкерчиликтүү болуш керек деп ойлойм. Билим берүү министрлиги бул маселени көзөмөлгө алышы керек. Ар бир мугалимдин укугу корголушу керек.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх