Нурлан Шаршеналиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды
Буга чейин ал энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болгон
Бишкек шаарынын мэри Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичти борбор калаанын вице-мэрлигине дайындады.
Эске салсак, буга чейин мэр Таалайбек Орозовду башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу вице-мэрлик кызматынан бошоткон.
Нурлан Шаршеналиев Кемин районунун 1985-жылы туулган тургуну.
Эки жогорку билими бар: экономикалык жана юридикалык.
Нурлан Шаршеналиев эмгек жолун Октябрь райондук администрациясынын каржы бөлүмүндө адис болуп баштап, Бишкек шаарынын мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба, уюштуруу иштери, укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрүндө иштеген. Белгилей кетсек, жаңы вице-мэр Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап, кийин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болгон. Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болгон.
Мамлекеттик наамы бар - 3-класстагы инспектор. Ал бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси. Мыкты мамлекеттик кызматкер.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www