Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлия Кожокматова Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Алымкадыр Бейшеналиев медициналык мекемени толук кайра каттоого эки ай убакыт берди

Медицина илимдеринин доктору, профессор Гулия Кожокматова Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (БНИЦТиО) директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кожокматова борбор толугу менен кайра каттоодон өткөнгө чейин иштейт.

«Мен бардык процедураларды эки айдын ичинде бүтүрүүнү тапшырдым», - деп белгиледи министр.

Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун  жетекчиси кызматынан бошотконун билдирген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх