Эльвира Сурабалдиева: Педофилдерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзамды киргизүүгө убакыт жетти
«Мен өткөн чакырылыштын депутаты кезимде эле Казакстандын үлгүсү боюнча педофилдер боюнча маалыматтар камтылган маалыматтык карта түзүүнү талап кылганмын»
Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эльвира Сурабалдиева Сокулукта эки жашар баланын мыкаачылык менен сабалышы тууралуу маалыматка комментарий берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда химиялык кастрация боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл.
«Эки жашар бала ырайымсыз кыйноого алынганы тууралуу кабар өлкөбүздү таң калтырды. Аны эмне деп атаарымды да билбейм, бирок ал адам эмес экени анык. Мен өткөн чакырылыштын депутаты кезимде Казакстандан үлгү алып, педофилдердин маалыматтары менен маалыматтык карта түзүүнү сунуштагам. Бизде педофилдерге химиялык кастрация мыйзамын киргизүүгө убакыт жетти. Мындай зордук-зомбулук окуяларынын көп кездеше баштаганын көрүү үрөй учурарлык. Жабыркагандар көбөйө электе химиялык кастрация боюнча мыйзам долбоорун кайра жандандыруу керек», — деп жазган Сурабалдиева Фейсбук баракчасына.
Бирок экс-депутат Кыргызстандагы сот системасынын жеткилең эместигинен улам жогорудагы чаранын кемчиликтери бар деп эсептейт.
«Мен түшүнөм жана билем, бул чаранын сот системасынын жеткилеңсиздигинен улам дагы кемчиликтери бар: кээ бир бейкүнөө адамдар абакта отурат, ал эми күнөөлүү адамдар бардык жагынан жазадан качууга аракет кылышы мүмкүн. Бирок биз бул маселени чечип жатабыз, анткени мындай иштер көбүрөөк концентрацияны жана олуттуулукту талап кылат. Биз дароо аракет кылышыбыз керек», - деп жыйынтыктады ал.
Эске салсак, 3-февралда Сокулук аймактык ооруканасына эки жашар бала түшкөн. Анын денесинде гематомалар табылган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www