Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин кайсы ишканалар бузганын билдирди

Тазалык жана тартип сакталбаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышат

Бишкек мэриясы борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин кайсы ишканалар бузганын билдирди.

Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча шаардык инспекциясы шаар аймагынын санитардык абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш алып барууда.

Тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 114-беренесине ылайык 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин жоопкерчиликке тартылат:

- «Дордой» конушундагы кампа, Чүй проспектиси140 дарегиндеги «Менделеев» бар, Алтымышев көчөсүндөгү  Ж.Осмоналиева, Абдрахманов көчөсү 119 дарегиндеги акча алмаштыруучу жай, Ахунбаев көчөсүндөгү «Лубими» дүкөнү, Пушкин 110 көчөсүндөгү , жаран Э.Сарпашев;

- Толстой көчөсү 148/2 "Саян Фарм" фирмалары, Скрябин көчөсү 76 "Нурстан".

Асанбаев көчөсүндөгү жол курулушуна келтирилген зыян үчүн «БСК Капитал» ЖЧКнын 177-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 17 000 сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.

Ошондой болсо да өздөрүнүн жосунсуз жоруктарын мойнуна алышпаган, аларды четтетуу учун эч кандай чара керушпеген тартип бузуучулар да бар. Мындай учурларда муниципалдык инспекция андан ары кароо жана алар боюнча белгилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн административдик комиссияны тартат.



Көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу боюнча жарандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот:

Свердлов району боюнча: 0 (551) 551-745;

Октябрь району боюнча: 0 (505) 523-832;

Биринчи Май району: 0 (555) 404-818;

Ленин району боюнча: 0 (554) 222-213.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх