Токон Мамытов Башкы прокуратурага суракка чакырылды
Мурдагы акыйкатчы кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча суроолорго жооп берет
Мурдагы акыйкатчы, коопсуздук жана чек ара боюнча экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырылды. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.
Мамытов Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун иши - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча чакырылганы такталган.
Эске салсак, 2021-жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында Кыргызстан чек араны делимитациялоо маселесин чечүүнү улантып жатканын билдирген.
«Мен чек ара маселесин бүгүн да чечүүгө даярмын», - деди ал. «Бирок, чечим бизден көз каранды эмес. Бул көйгөй 30 жылдан бери уланып келет. Мен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Адахан Мадумаров кол койгон протокол менен тааныштым. Документте тажик тарапка 275 метр жерибизди бергенбиз деп жазылган. Андан кийин алар бу лаймакты 49 жылга ижарага алышкан. Мен бул документтин юридикалык күчү жок деп ырастайм.
Мамлекет башчысы Тажикстан менен үч көйгөйлүү аймак бар экенин белгиледи – Төрт-Көчө, Ворухка баруучу жол жана Лейлек районундагы тилке.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www