­
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү социалдык тармакка комментарий бергени үчүн кармалды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү социалдык тармакка комментарий бергени үчүн кармалды

Мирлан Ураимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 48 саатка камакка алынган

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлү Мирлан Ураимов социалдык тармактардын бирине комментарий жазганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жардамчысы Айгерим Алибаева билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери тарабынан лингвистикалык экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ал арада 24.kg агенттиги юрист Юлия Богдановага шилтеме берүү менен Ураимов күнөөсүн мойнуна албай турганын жазды.

«Ураимов жазган эмесмин дейт. Ал бул баракчаны эчак эле бузуп, колдонбогонун айтат. Ураимовдун айтымында, жазуу стили аныкы эмес жана фамилиясын да атабайт. Постто Курманкул Зулушевдин, партия лидери, президент, УКМКнын төрагасы Орозайым Нарматованын ысымдары аталды. Мирлан Ураимовдон компьютердин системалык блогу алынды», - деп түшүндүрдү ал.

Ошол эле учурда Ураимов 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх