Кыргызстанда 9-февралга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 97 учуру катталды
Оору жуктурган төрт адам каза болду
Кыргызстанда 9-февралга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 97 учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Алардан:
Бишкек шаарында - 53;
Ош – 1;
Чүй облусу – 23;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу – 3.
Бир сутка ичинде 4 адам коронавирустан каза болду, жалпысынан пандемия учурунда 2913 бейтап каза болду.
Акыркы суткада 282 адам айыгып чыкты. Бардык убакта 191 679 бейтап айыгып кеткен.
Ооруканаларда 684 бейтап, амбулаториялык 2883 адам жатат.
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз