Парламенттин депутаттарына жардамчылардан тышкары консультанттар да берилет
Бир гана Дастан Бекешев кызматтык унаа алат
Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин ишмердүүлүгүнүн структурасын жабык эшик артында бекитишти. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына парламенттин басма сөз кызматы тастыктады.
Жабык жыйында ар бир депутатка бирден консультант бөлүп берүү чечими кабыл алынганы көрсөтүлгөн. Ар бир элдин тандоосуна бирден жардамчы да бекитилип берилгени көңүлдү бурат.
Андан сырткары бир гана депутат – Дастан Бекешевге кызматтык унаа бөлүп берүүнү чечишкен. Бирок депутат өзү Vesti.kg сайтына жабык жыйын тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз