Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2021-жылы 19,5%га өстү
Мындай маалыматтар Экономика жана соода министрлигинин коллегиясында айтылды
2021-жылдын алдын ала маалыматтары боюнча тышкы соода жүгүртүүнүн күтүлүп жаткан көлөмү 6 миллиард 800 миллион долларды түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 19,5%га көп. Мындай маалыматтар Экономика жана соода министрлигинин коллегиясында өткөн жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча айтылды.
Жалпы экспорттун ичинен - 1 млрд 610 млн доллар, алтынды эсепке албаганда - 1 млрд 250 млн доллар деңгээлинде, бул 2020-жылга салыштырмалуу 26,7%га көп.
Импорттук түшүүлөр 39,6%га өсүү менен 5190 млн доллар деңгээлинде күтүлүүдө.
Коллегияда экономикалык жана соода кызматташтыкты кеңейтүү максатында уюштурулган иш-чаралар талкууланды.
Алсак, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Түштүк Корея, Венгрия менен өкмөттөр аралык кеңештердин жана комиссиялардын 34 отуруму болуп, анын жүрүшүндө экономиканын түрдүү тармактарында кызматташуу боюнча макулдашууларга жетишилди.
“Өзбекстан-Кыргызстан” бизнес-форумунун жыйынтыгында уставдык капиталы 200 миллион доллар болгон өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлдү. Ошондой эле жалпы суммасы 550,4 миллион доллардан ашык 60ка жакын биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалган.
Дубайда өткөн бизнес-форумдун алкагында жалпысынан 3,2 миллион долларлык тышкы соода келишимдерине кол коюлду.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен бирдикте 3 дүң сатуу борборун жана 1 өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча иштер башталды.
Ошондой эле, сооданы өнүктүрүү максатында министрлик экспорттук потенциалды жана региондук интеграцияны чыңдоо максатында «Борбордук Азиянын соода маалымат порталын» жана Кыргызстандын Маалыматтык соода порталын (https://info.trade.kg/?l=ru) ишке киргизди. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн.
сүрөт www