Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭСКММ: Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли төмөндөдү

Кыргыз Республикасынын кайсы аймагында жумушсуздар көп?

2021-жылы Кыргызстандын расмий жумушсуз статусуна ээ жарандарынын саны 0,9% азайып, 76 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында айтылды.

Жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында жаштарга эмгек рыногунда талап кылынган кесипти тандоо боюнча кеп-кеңештерди берүү үчүн кесиптик багыт берүү борборлору ачылды.

Ведомство акыркы бир жылда кесиптик окууга жана коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн жарандардын саны көбөйгөнүн белгиледи (22,4 миңден 22,9 миң адамга чейин). Иш менен камсыз болгон жарандардын саны да өскөн (15,2 миңден 15,6 миң адамга чейин).
        
Жалпысынан 2022-жылдын башына карата өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээли 2 миллион 595,4 миң адамды түзгөн экономикалык активдүү калктын саны менен 2,9 пайызды түздү. 2020-жылга салыштырмалуу жумушсуздуктун деңгээли 0,1%га кыскарды.

Расмий жумушсуздуктун эң жогорку деңгээли Баткен облусунда – 5,5% жана Жалал-Абад облусунда – 5,0%.

Эң төмөнкү деңгээл Бишкек шаарында – 1,2% жана Чүй облусунда – 1,5% белгиленген.
Ошол эле учурда министрлик калкты иш менен камсыз кылуу үчүн санариптик технологияларды киргизүүдө. Сиз жумушка орношуу веб-порталындагы (www.zanayatost.kg) өзүңүздүн жеке кабинетиңиз аркылуу онлайн режиминде бош орундарды издөө үчүн кайрыла аласыз.

Портал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн «Чек арасыз иш» автоматташтырылган маалыматтык издөө системасы менен интеграцияланган.

КР ЭСКММ басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх