Жардам кайдыгерлик менен берилбеши керек. Кудайберген Базарбаев бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады
Эмгек жана миграция министри кол алдындагылардын шалаакы ишине нааразы
Коллегиянын жүрүшүндө 2021-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тарабынан 4 аймактык башкармалыктын жетекчилерине жана жетекчинин 2 орун басарына өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жана эскертүүлөр берилди.
«Социалдык жардам «кайдыгер» берилбеши керек. Биздин кызматтарыбыз жогорку сапатта болууга тийиш — мындай милдет биздин алдыбызга Президент жана Министрлер Кабинетинин Председатели тарабынан коюлган. Кыргызстандыктар бизден ушундай иштерди күтүшөт. Анткени, биздин кызмат алуучуларыбыз болуп улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар, жетим балдар, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр, зомбулукка кабылган балдар ж.б. Башкача айтканда, биз эң акыркы үмүтүбүз болгон адамдар, алардын көңүлүн калтырууга, аларга кайдыгер мамиле кылууга моралдык укугубуз жок», - деди Базарбаев.
Коллегиянын чечими менен Жумгал, Нарын ОИИБ, Таш-Көмүр, Тоң, Араван башкармалыктарынын жетекчилерине жана орун басарларына сөгүш жарыяланды.
Түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерине социалдык кызматтардын өз убагында жана сапаттуу көрсөтүлүшүн камсыздоо, программалык жана ведомстволук документтердин аткарылышынын мөөнөттөрүнө, ошондой эле жарандардын суроо-талаптарына жана кайрылууларына жооп берүүгө көңүл буруу тапшырылды.
Буга чейин жарандар менен иш алып баруу сапаты талапка жооп бербегендиктен медициналык-социалдык комиссиянын үч төрагасы ээлеген кызматынан бошотулуп, беш төрага жана үч кызматкер кызматынан төмөндөтүлүп, эки дарыгер кызматынан бошотулган. Ошентип, МСЭКтер 40,7%га жаңыланды.
ЭСКММнын басма сөз кызматы
сүрөт www