Кыргызстандын милиция кызматкерлерине массалык баш аламандыктын алдын алуу жана атайын техниканы эффективдүү колдонуу үйрөтүлүүдө
Түркиянын Ички иштер министрлиги биздин атайын күчтөр үчүн тактикалык машыгуу өткөрдү
2022-жылдын 31-январынан 10-февралына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү.
Эки мамлекеттин ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чараларды, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын карамагындагы атайын каражаттарды туура жана натыйжалуу колдонууну окуп үйрөтүү боюнча тактикалык окуу-машыгуулар уюштурулду. Аталган окуу-машыгууга ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунан, ички аскерлеринен, күзөт кызматынан, милициянын кайгуул кызматынан, Бишкек шаарынын ИИББден жана Академиядан кызматкерлер катышып, атайын машыгуудан ѳтүшүп, жыйынтыгында аларга тастыктамалар тапшырылды.
Мындай макулдашуунун негизинде ѳткѳрүлүп жаткан машыгуулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так, кынтыксыз аткаруусунда кѳмѳк болуп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
Андан сырткары, Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттеринин тактикалык-даярдык тажрыйба алмашуу сабактары ИИМдин Республикалык окуу борбордун баштапкы даярдоо курсунда билим алып жаткан талапкерлерге дагы уюштурулуп, практика жүзүндө кенен маалымат алышты.
ИИМдин Басма сөз кызматы