Мирлан Байгончоков Бишкектин биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Борбордун муниципалитетинин жетекчилигинде функционалдык милдеттер кайра бөлүштүрүлдү
Шаардык саясаттын багыттарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, шаардын жетекчилигинин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин тизмеси, алардын ишмердүүлүгү мэр тарабынан көзөмөлдөнөт жана координацияланат. Биринчи вице-мэр жана вице-мэрлер бекитилди.
Ошентип, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп экономика жана каржы маселелерин тейлеген Байгончоков Мирлан Конушбекович дайындалды. Мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда экономиканы өнүктүрүү жана кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү бюджеттин резервдерин аныктоо жана салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча милдеттер коюлган муниципалитеттин коллегиясынын жыйынтыгында кабыл алынды.
Байгончоков Бишкек шаарынын мэриясынын Экономика жана инвестициялар башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба башкармалыгынын шаардын жашоо-турмушун камсыздоо тутумдарын шаардык булактардан каржылоо бөлүгүндөгү иштерин координациялайт.
Мэриянын башка буйругу менен Сазыкулов Максатбек Шекербекович Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча вице-мэри болуп дайындалды.
Вице-мэр Шаршеналиев Нурлан Алтымышовичке муниципалдык менчик, жер пайдалануу, курулуш жана архитектура маселелери боюнча функциялар берилди.
Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Мозгачева Виктория Андреевнага жаштар менен иштөө жана туризмди өнүктүрүү боюнча кошумча суроолор берилди.
Вице-мэр Узаков Азат Сапарбаевич транспорт маселесин көзөмөлдөйт, ал буга чейин шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеп келген.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www