Арстанбапта эки кичи ГЭСти куруу долбоору ишке кирүүдө
Жалал-Абад облусунун туристтик борбору кошумча кубаттуулукка ээ болот
Жалал-Абад облусунун Арстанбапта кичи ГЭСти куруу программасынын алкагында кубаттуулугу 2000 кВт болгон эки чакан ГЭСтин долбоорлору боюнча иштер башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Арсланбап облустун туристтик борборлорунун бири. Кошумча электр энергиясын өндүрүү туристтерди тейлөөнүн сапатын жогорулатууга гана жардам берет.
Арстанбаптын тургундары мамлекет башчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаевге ыраазычылыктарын билдиришти.
Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз