КААБУБ жетекчиси: Казакстан кандайдыр бир деңгээлде КРнын жарандарына карата кыйноолор колдонулганын мойнуна алды
Коңшу республикада Рузахунов менен Сыдыковдун кыйноо фактысы боюнча кылмыш иштери козголду
КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков Vesti.kg сайтына берген маегинде Казакстандын укук коргоо органдары Кыргызстандын жарандарына карата кыйноо фактысын танбай турганын билдирди.
«Биз Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кыйноо фактылары менен тааныштырганыбызда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай тануу болгон жок», - деди Бакыт Токталиевич. — Бул кандайдыр бир деңгээлде таанылган. Кошумчалай кетсек, коңшу мамлекеттин күч түзүмдөрү Кыргызстандын жарандары – Сыдыков менен Рузахуновго карата кыйноо фактысы боюнча өздөрү кылмыш ишин козгошкон.
Казакстан Кыргызстан сыяктуу эле БУУнун кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазага каршы конвенциясын ратификациялады.
Ислам Жолдошов
сүрөт www