Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин айлыктары 25 миң сомго чейин көтөрүлөт
Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен айлык 40 пайызга көтөрүлүп жатат
Бишкек троллейбус башкармалыгынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысы 40 пайызга көтөрүлөт. Көбөйтүлгөндөн кийин троллейбус айдоочуларынын орточо айлыгы 25 миң сомду түзөт.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен айлыктар көтөрүлөт.
Мындай чечим эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында шофёрлордун жана техникалык кызматкерлердин ишинин көлөмун жана графигин дыкат текшергенден кийин кабыл алынды.
Белгилей кетсек, маяна маселеси өткөн жылдын соңунда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин жолугушуусунда көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө коомдук транспорттун айдоочуларынын жетишсиздиги курч көйгөй болуп, анын негизги себеби айлык акынын аздыгы болуп жатканы айтылды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www