ЖКда кайра шайлоо. Талапкерлер өз фонддоруна дээрлик 23 миллион сом катташкан
БШК шайлоо өнөктүгүнө каражатты кантип чогултуу керектигин эскертти
Кошумча шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фондуна 22 миллион 915 миң 975 сом түшкөн. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы берет.
Мыйзам ченемдерине ылайык, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
-талапкердин 150 000 сомдон ашпаган жеке каражаттары;
-1 миллион сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;
-ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;
-юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары, алардын ар бири 500 миң сомдон ашпайт.
Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондуна түшкөн жана сарпталган каражаттардын максималдуу өлчөмү 10 миллион сомдон ашпоого тийиш.
Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда: Биринчи Май шайлоо округу боюнча 26 адам, Свердлов шайлоо округу боюнча 25 адам.
Сүрөт www