Бишкекте балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кайрымдуулук концерти өттү (фото)
749 миң 265 сом чогултууга жетиштик. Андан түшкөн каражаттын баары Малик Мураталиевдин дарылануусуна жумшалат
2003-жылы 15-февраль Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү деп жарыяланган.
Ошондон бери ал балдардын онкологиясынын эл аралык коомунун патронажы жана Рак менен ооруган балдардын ата-энелери уюмдарынын эл аралык конфедерациясынын (ICCCPO) демилгеси менен дүйнөнүн 38 өлкөсүндө белгиленип келет. Жыл сайын 15-февралда дүйнөнүн булуң-бурчтары коом менен өкмөттөрдүн көңүлүн бул көйгөйгө буруу жана оорулуу балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын өткөрүшөт.
Help the children-SKD фонду четте калган жок. Бүткүл дүйнөлүк балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Маданият министрлигинин колдоосу менен фонддун камкордугуна алынган балдар үчүн Манас Акматбековдун демилгеси менен кайрымдуулук концерти өткөрүлдү. Алымдардын суммасы 749 265 сомду түздү. Чогулган бардык каражаттар классикалык Ходжкин лимфомасы менен ооруган Малик Мураталиевди дарылоого жумшалат. Ал эми ошол датага карата фонд апластикалык анемия оор деп табылган Еркетанов Байелге 10 миң доллар которгон.
Президент Елена Конева жана кайрымдуулук фондунун жалпы жамааты Манас Акматбековго, уюштуруучуларга, ошондой эле концерттин бардык катышуучуларына терең ыраазычылык билдирет:
Айгүл Курманова
Рахман Аман
Гүлнар Тойгонбаева
Гүлнур Сатылганова
"Инсан" тобу
Eles Group
"Эски шаар" тобу
"KGтай" балдар тобу
"Сыйкыр" балдар тобу
Данияр Казаков
Жамила Муратова
Игорь Воронцов
Асел Сапаралиева
Каныкей Раймалиева
Оксана Шутова
ОмурбекутАндарбеков
Роза Косакова
Стефан Стоянов
Султан Садыралиев
Тилек Токтоналиев
Ширин Нурак
Ырыскелди Осмонкулов
Эсен Салиев
Эмил Эген
Ошондой эле, фонддун президенти кол чабуулар жана жылуу кабыл алуу үчүн бардык донорлорго жана көрүүчүлөргө чексиз ыраазычылыгын билдирет. Анткени, Елена Коневанын айтымында, мындай колдоо жана энергетикалык импульс алдыга жылууга жана адамдарга жардам берүүгө чоң түрткү берет. Быйыл фондго 15 жыл толду жана бул оор дартка чалдыккан балдарга жардам берүү үчүн көп жылдар бою өтө узун жана тикенектүү жол басып өттү...
"Help the Children-SKD" коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстан
Сүрөт "Help the Children-SKD" Кыргызстан